Иш принциптери

Азыктарыбыздын жогорку сапатта болушу үчүн бардыгын жасайбыз.  Керектөөчүгө керектүү санда жана өз убагында жеткиребиз.

Азыктардындын толук тизмеси ГОСТтун талаптарына жооп берет жана "EAC"  белгиси менен ырасталган.

Компаниянын коллективинде жагымдуу климатты түзүүгө көп көңүл бурулат, анткени коллективдин аракетинин аркасында 
жогорку сапаттагы тилке сакталып, алдыга коюлган стратегиялык максаттар ишке ашырылат.  
Ушуга байланыштуу ишкананын жетекчилери жумушчулардын эффективдүү иштеши үчүн зарыл шарттарды түзүүгө жакшы көңүл бурушат.

 

Биздин ыкмалар:

 

1.Азык-түлүк коопсуздугу жаатында Кыргыз Республикасынын жана Евразия экономикалык биримдигинин мыйзамдарын сактоо.
2.Базар конъюнктурасынын өзгөрүшүнүн негизинде технологиялык жабдууларды, жана керектөөчүлөрдүн суроо-талаптарын, 
идиштерди жана таңгактарды,  контролдоо ыкмаларды, лабораториялык базаларды модернизациялап туруу.
3.Чийки заттын жана материалдардын сапатына жана коопсуздугуна стандарттык талаптарды иштеп чыгуу, киргизүү жана ишке ашыруу.
4.Чийки заттарды  алып келүүчүлөрдү кылдат тандоо.
5.Азыктын сапаты жана коопсуздугу жагынан кадрларды систематикалык окутуп  даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу.
6.Азыктын сапатын жана коопсуздугун башкаруу системасынын маанилүү компоненттеринин бири катары, 
өндүрүштү контролдоо системасын өркүндөтүү.
7.ХАССП системасынын принциптеринин негизинде өндүрүш, ташуу, сактоо жана сатууда коркунучтарды башкаруу боюнча 
иштерди тартипке келтирүү жана координациялоо аркылуу продукциянын туруктуу сапатын жана коопсуздугун камсыз кылуу.
8.Технологиялык процесстерди өркүндөтүү, жаңы технологияны жана азыктын түрлөрүн иштеп чыгуу жана ишке киргизүү.