Жалпы маалымат

                                                                                                  
"Яшар Групп" ЖЧК  өндүрүүчүсү болуп саналат
Кыргызстанда ун, макарон жана кондитердик азыктарды өндүрөт.
 
 
1997-жылы түзүлгөн, «Яшар Групп» Жоопкерчилиги чектелген коому биргелешкен кыргыз-түрк , 
азыркы «Яшар» жоопкерчилиги чектелген коому, ун тартуу жана кондитердик азыктарды өндүрүү тармагында, 
адистештирилген иш алып барууда. Макарон азыктарын өндүрүү боюнча жаңы линия ийгиликтүү 
ишке киргизилип жана ал дагы ишкананын курамында толук кандуу иштелүүдө.
 
Азыркы учурда  Кыргызстандын рыногунда “Яшар Групп” төмөнкүдөй аталыш менен белгилүү:
 
- Сапаттуу продукция чыгаруучу.
 
- Ишенимдүү өнөктөш.
 
Бүгүнкү күндө «Яшар Групптун» Кыргызстандын көптөгөн областтык борборлорунда жана коңшу 
Казакстандын бир катар аймактарында өкүлчүлүктөрү бар.
 
Компаниянын ишмердүүлүгү
 
“Яшар Групп” жогорку сапаттагы органикалык ун азыктарын өндүрүүгө багытталган ишкана катары түзүлгөн.
“Яшар Групп” соода маркасынын сунуш кылынган ассортименти - бул эң жогорку сорттогу ун, 
биринчи жана экинчи сорттогу ундар, жарма, кебек. Бардык ун азыктары эң жогорку сапаттагы 
Орусиянын буудай данынан жасалат.
 
Компания 20 жылдан ашык убакыттан бери керектөөчүлөрдү жогорку сапаттагы ун менен камсыз кылып, 
ун тартуучу продукциянын кеңири ассортиментин сунуштап келүүдө . 
Жана ошондой эле «Яшар Групп» кондитердик жана макарон өндүрүшүндө өзүн ишенимдүү, ырааттуу түрдө 
жогорку сапатта сактап келе жатат.
 
Ишкананын бардык өндүрүш комплекси Түркия жана Германияда чыгарылган заманбап, 
жогорку технологиялык жабдуулар менен жабдылган. Комплексти жогорку квалификациялуу адистер тейлейт.
 
Ошондой эле Ишкана  «Люкс-прима» катталган соода маркасы бар нан азыктарын жакшыртуучу заводду  ишке киргизди.
 
Сапатты көзөмөлдөө
 
Ишкана чийки заттарды кабыл алуу жана даяр продукцияны чыгаруудан тартып, 
аны сатууга чейинки бардык процесстерди көзөмөлдөөчү системаны ишке киргизди. 
Биздин компания үчүн сапат ар дайым биринчи орунда.