Биздин сапат

Биздин сапатка болгон максатыбыз

Биз үчүн сапат жагынан негизги максат – бул ишкананын сапат жаатындагы системалуу иш-аракет, 
бул керектөөчүгө биздин азыкты баалоого мүмкүндүк берет.

 

Сапатты көзөмөлдөө

Ишкананын бардык өндүрүш комплекси Түркия жана Германияда чыгарылган заманбап, 
жогорку технологиялык жабдуулар менен жабдылган.

Биздин бардык азыктар сапат жана тамак-аш коопсуздугунун стандарттарына жооп берет. 
«Яшар Групп» ЖЧКсы заманбап жабдуулардын толук спектри менен жабдылган,
өзүнүн өндүрүштүк жана технологиялык лабораторияларына ээ, аларды квалификациялуу персонал тейлейт. 
Сапатты көзөмөлдөө бөлүмү – бул лаборатория, анын адистери өндүрүш процессине үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүп турушат. 
Өндүрүлгөн азыкты кылдаттык менен карашат. 
Бул чийки затты кабыл алган учурдан тартып жана даяр азыкты таңгактоого жана чыгарууга чейин 
экологиялык жактан таза азыкты чыгарууну камсыз кылуучу автоматташтырылган өндүрүштүн технологиялык чынжырынын 
ар бир циклин так көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. 
Ошол эле учурда, технологиялык процесстин кайсы гана этабында болбосун,
керектүү түзөтүүлөр,киргизүүлөр сакталуу бойдон калат.

Чийки зат

Чийки зат алып келүүчүлөр заттын сапатын жана азык-түлүк коопсуздугун тастыктаган документтерди берүүгө тийиш.

Автоматташтырылган агымдын циклинде чийки затты кабыл алуу адам менен байланышты азайтууга мүмкүндүк берет, 
бул азыктын көбүрөөк коопсуздугун камсыз кылат.

Кондитердик азыктарды өндүрүү үчүн колдонулуучу чийки заттар, жыт бергичтер жана тамак-аш кошумчалары, 
тамак-аш өнөр жайында колдонууга уруксат берилиши жана ар бир түрү боюнча мыйзамдардын жана ченемдик 
документтердин негизинде болуусу, ошондой эле техникалык регламенттердин талаптарына ылайык келүүгө тийиш.